Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын, бирөөсүнөн коронавирус инфекциясы тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 22-апрелде учуп келген.
— Ошондой эле, 24-апрель күнү Стамбулдан учуп келген 351 жарандан да анализдер алынды. Анализдердин жыйынтыгына жараша тийиштүү чаралар көрүлөт, — деди Абдикаримов.
Республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 665ти түздү.
Анын ичинен: стационарда – 312, жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 345 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.
Аймактар боюнча алсак:
- Ош облусу — 157;
- Бишкек — 151;
- Жалал-Абад облусу — 109;
- Ош шаары — 108;
- Нарын облусу — 83;
- Чүй облусу — 43;
- Ысык-Көл облусу — 8;
- Баткен облусу — 6.