Марал Радиосу

Бүгүн 23, жалпы 345 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды

Бир сутка ичинде 23 бейтап оорудан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.

Айыккан жаңы учурлар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары – 12;
Ош шаары – 10;
Чуй облусу – 1.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирус диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 665ти түздү.

Анын ичинен: стационарда – 312,  жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 345 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Аймактар боюнча алсак:


25-апрель: Коронавирусту жуктургандар азайды, бүгүн 9 жаңы учур катталды