Марал Радиосу

28-апрелде Екатеринбургдан мекендештер алынып келинет

Орусиянын Екатеринбург шаарынан Бишкекке чартердик рейс уюштурулат. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктарды алып келүү 28-апрелге пландалууда.

Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келингенин, дагы 4 миңден ашууну келе албай жатканын билдирген. Алардын көбү Орусияда.

6-апрелде Екатеринбургдан 17 кыргызстандыкты алып келген «Урал аба жолдору» компаниясынын учагы менен кайра 35 орусиялык учуп кеткен.

Ошондой эле, буга чейин атайын уюштурулган чартердик каттамдар аркылуу 25-мартта жана 17-апрелде Түркиядан 410 жаран, ал эми 22-апрелде 177 жаран Новосибирск шаарынан кайтып келди.


Дубайдагы мекендештерди алып келүү үчүн 3 чартердик рейс уюштурулуп жатат