Марал Радиосу

Cадык Шер-Нияз: Элмирбек деген ырдын пири эле

Бүгүн акын Элмирбек Иманалиевдин коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Актаңдай акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында дүйнө салды. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлмакчы.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Элмирбек акындын элди улуу сереге жетелеген көп кырдуу талантын эскерди:

— Бүгүн кыргызда кейибеген киши жок. Бир эле анын жакындары , сааналаштары, көрүп-билип калгандары эле эмес, дегеле улуу сөз, улуу салт, улуу тарыхты сыйлаган элдин баары кайгырып турат.

42 жаш деген эмне?… Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турабыз бүгүн.

Элмирбек деген ким эле? Элмирбек деген ырдын пири болду, элдин гүлү болду. Кайсы жерге барса дагы кыргыздын намысын түшүргөн жок. Кыргыздын маданиятын, тарыхын бийик көтөрүп, улуу сереге жеткирип жүрдү.

Эркек киши ыйлабайт дейт, бирок кечирип коюңуздар туугандар. Бүгүн ыйлай турган күн болуп турат.

Кош, жаткан жериң жайлуу болсун!


Жеңишбек Жумакадыр: Элмирбек досум өлгөн жок


Эл акыны Элмирбекти эскерүү… (жоктоо ырлары)