Марал Радиосу

Укук коргоо кызматкерлеринин 12си коронавирусту жуктуруп алган, алардын бири реанимацияда

Укук коргоо органдарынын 12 кызматкери коронавирусту жуктуруп алган. Мындай маалыматты брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

— Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алган, алардын ичинен бирөөсү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат, — деп Үсөнбаев.

Анын айтымында, алардын бардыгы COVID-19 инфекциясы бар жактардын бардык категориялары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алган.

Республика боюнча коронавирустук диагноз менен катталгандар 612ни түздү. Алардын ичинен 254 бейтап айыкса, 7 киши каза болгон.


Бир суткада дагы 10 медкызматкер коронавирус менен катталды