Марал Радиосу

ТИМ: Новосибирсктеги кыргызстандыктарды 22-апрелде атайын учак Бишкекке алып келет

Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселеси чечилди. Тактап айтканда, 22-апрелде атайын чартердик каттам Кыргызстанга учат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эртең, 22-апрелде Орусия Кыргызстандан өзүнүн жарандарын алып кетүүнү пландап жатат. Мындан улам, чартердик учак Орусия тараптан кыргызстандыктарды Бишкекке жеткирип, кайра кайтканда орус жарандарын алып кетет.

Буга чейин пландаштырылган каттам менен мекенине учуп кете албай калган, колдоого жана жардамга өзгөчө муктаж болгон КР жарандарына Новосибирскте убактылуу жайгаштырууда жана тамак-аш менен камсыздоодо диаспоралык уюмдар тарабынан көмөк көрсөтүлүп жаткан болчу.