19-апрелден 20-апрелге карата республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарларында жана аймактарында 81 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Адатта коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.
Белгилей кетсек, Нарын жергесине коменданттык саат 15-апрелден тарта кирди. Өзгөчө абал режими буга чейин иштеп келген аймактарда апрелдин 30уна чейин узартылган.
Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:
- Бишкек шаарында — 66;
- Жалал-Абад шаарында — 4;
- Ош шаарында — 3;
- Сузак районунда — 2;
- Ноокат району — 1;
- Нарын шаары — 4;
- Ат-Башы районуну — 1.
Ал эми Кара-Суу районунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2970 адам кармалды.