Марал Радиосу

“Жашыл Ай” Кадамжайдагы 120 үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам көрсөттү

“Жашыл Ай” коому Баткендин Кадамжай районундагы жардамга муктаж 120 үй-бүлөгө азык-түлүк иретинде жардам көрсөттү. Бул тууралуу уюмдун өкүлдөрү “Маралга” билдиришти.

Жардам аймактагы элдин аз камсыз болгон, жардамга муктаж катмарына берилүүдө. Анда ар бир үй-бүлөгө тамак-аш азыктары салынган баштык таратылды, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта белгиленгендей, аталган коомдун өкүлдөрү Бишкек шаарында да аз камсыз болгон көптөгөн жарандарга жардам беришкен.