Марал Радиосу

«Кыргызстан» фракциясы апрель-май айындагы маяналарын коронавирус менен күрөшүүгө которду

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары апрель жана май айларындагы айлык маянасын коронавируска каршы күрөшүү үчүн Өкмөткө жардам катары которду.

Бул тууралуу фракция депутаты Канатбек Исаев Парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Биз «Кыргызстан» фракциясы апрель-май айларындагы маяналарыбыздан баш тарттык. Бул каражатты Өкмөттүн ачкан эсебине расмий котордук. Биз башка фракцияларды да, Өкмөттү да биздин бул демилгени колдоого чакырат элек, — деди Канатбек Исаев.

Ал ошондой эле берилип жаткан бардык колдоолорду, эл аралык уюмдардан келген гуманитардык жардамдарды чыныгы муктаждарга даректүү жеткирүүгө Өкмөттү чакырып кетти.