Марал Радиосу

Испаниядан келген жигиттин апасы коронавирустан каза болдубу? Нурдиновдун жообу

«Испаниядан келген жарандын апасы каза болгондугу анык. Ал оорусун жашырганбы же жашырган эмеспи аны иликтеп жатабыз.» Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Комендантка «Кара-Суу районунда Испаниядан келген жигит оорусун жашырып коюп, илдет апасына жугуп калгандыктан каза болуп калгандыгы чындыкка дал келеби?» деген суроо берилген.

Коменданттын айтымында, ал жигит Испаниядан 1-мартта келген.

Ал оорусун жашырганбы же жашырган эмеспи аны иликтеп жатабыз. Бирок апасы каза болгондугу анык. Сөөктү жерге берүүгө 100-120 адам катышкан. Алардын баары анализ тапшырышты. Жашаган жеринин көчөлөрү дезинфекцияланды. Испаниядан келген жигит чын эле оорусун жашырган болсо, ал айыгып чыккандан кийин мыйзамдын негизинде чара көрүлөт, — деди Нурдинов.

12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 377ге жетти. Алардын ичинен 63ү медицина дарыгерлери. Коронавирустан 54 жаран айыгып, 5 адам каза болду.