Токмок шаарында COVID-19 учуру катталганы туура. Тастыкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, аталган жаран Балыкчы шаарынын тургуну болгон, бирок ал тастыкталган жерине карап катталып, эсепке алынат.
— «Токмокто инфекция жуктурган маалымат боюнча тактоо керек, бул COVID-19 инфекциясы аныкталган учурлар жарандардын катталган жери боюнча эмес, жайгашкан жери боюнча аныкталат. Бул жаран обсервацияда жаткан. Аны биз изоляцияга алдык», — деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.
Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 339ге жетти. Алардын ичинен 44 адам коронавирустан айыгып, 5 адам каза болду.