Марал Радиосу

Орусияда бир күндө 1,1 миң адамда коронавирус аныкталды

Орусияда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 8 672 кишиге жетти. Алардын ичинен 580 адам айыгып, 63 адам көз жумган. Бул тууралуу Федералдык штабдын маалыматына таянып РБК жазды.

Орусияда өткөн бир суткада 1 175 коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталды.

Жаңы учурлардын эң көп саны Москвада катталган (660), жалпысынан борбор калаада 5 841 адамга жуккан.

Пандемия башталгандан бери жалпы  85 административдик аймактын 81инде коронавирус аныкталган.