Азыркы кырдаалдагы абал Кыргызстандын экономикасына төмөнкүдөй макроэкономикалык тобокелчиликтерди алып келет:
- тышкы суроо-талаптарды кыскартат, негизги соода өнөктөш-өлкөлөр менен сооданын шарттарын оордотот;
- эмгек мигранттарынын инвестициясынын жана акча каражаттарынын агымынын кыскарышы (акыркы керектөөчүгө чыгымдардын суммасы жана дүң жыйноо) менен шартталган экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө байланыштуу ички суроо-талапты кыскартат;
- калктын кирешесинин кыскартылышы;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин тартыштыгын көбөйтөт;
- коронавируска каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга кеткен чыгымдарды көбөйтөт;
- убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон ишкерлерди жана чарба субъектилерин колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу чыгымдарын көбөйтөт;
- калктын аярлуу катмарларына (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө) максаттуу жардам берүүгө чыгымдарды көбөйтөт;
- экономиканы турукташтырууга чыгымдарды көбөйтөт;
- инфляциянын деңгээлин көтөрүлүшүнүн жана баалардын кымбатташынын тобокелчилиги.