Марал Радиосу

Тажикстанда карантин болбойт, 1-апрелден тарта окуу башталат

Тажикстанда карантин жарыяланбайт, 21-мартта башталган жазгы каникул 31-мартта аяктап, 1-апрелден тарта кадимкидей эле сабактар башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

-Окуутуу системасында эч кандай өзгөртүү болгон эмес, окуу 1-апрелден башталат,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча мектептердеги жана жогорку окуу жайларындагы каникул учурун узартуу сунушун кабыл ала элек.

Министрликтик маалыматына ылайык, Тажикстанда коронавирус инфекциясы катталган эмес.


Жалал-Абадда 3 адам коронавирустан айыкты