Марал Радиосу

Карантиндик зонада иштеген ар бир дарыгерге 46 миң сомдон кошумча акы төлөнөт

Кыргызстандагы карантиндик аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге айлык маянасынан сырткары ар бирине 46 350 сомдон төлөнөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орунбасары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.

Мамбетовдун айтымында, карантиндик зонада иштеп жаткан ар бир дарыгерге 46 350 сомдон төлөнөт. Мындан сырткары, орто деңгээлдеги медкызматкерлерге 41 885 сомдон, ал эми техникалык кызматкерлерге 39 660 сомдон кошумча акы берилет.

Ошондой эле карантиндик аймактагы дарыгерлер эң көп 14 сутка иштешет. Андан соң, алардын ордуна башка кызматкерлер нөөмөттү алмаштырышат.

 


Мирзиёев: Коронавирус жуктуруп алган ар бир дарыгерге 10 миң доллар жөлөкпул берилет