Марал Радиосу

Өзбекстанда коронавирус жуктурган аял көз жумду

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган улгайган аял көз жумду. Бул тууралуу республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Коронавирус менен ооруган бейтап инфаркт миокардынан көз жумган. 72 жаштагы жаран ооруканага 26-март күнү түшкөн. Ошол эле күнү саат 23:00дө лабораториянын анализдери анын коронавирус жуктуруп алганын көрсөткөн.

Ал бейтап коронавирусту 12-мартта Түркиядан кайтып барган кызынан жуктурган. Анын кызы карантинге алынган. Маркум көп жылдан бери диабет жана жүрөк оорусунан жабыркап келген.

Республикада коронавирус жуктурган алгачкы факт 15-мартта аныкталган. Бейтап аялдын Франциядан келгени белгилүү болгон. 27-мартка карата оору жуктургандардын саны 83кө жетти. Ал эми 28 миңден ашык адам карантинге алынса, 18 миң киши үй карантининде.

Өзбекстанда 11 медицина кызматкери COVID-19ду жуктурган