Марал Радиосу

Кытайдан дарыгерлерди алып келүү муктаждыгы жок

Азырынча коронавирус менен күрөшүүдө Кытайдан дарыгерлердин келүү муктаждыгы жок. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

-Кытайдагы дарыгерлер менен сүйлөшүүлөр, тажрыйба алмашуулар жүрүп жатат. Азырынча алардын бул жакка келүү зарылчылыгы жок. Эгерде муктаждык жаралса, келүү мүмкүнчүлүгү каралат,- деди Акматова.

Буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында Кытайдан дарыгерлердин келери айтылган болчу.

18-марттан 25-март аралыгында өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган.

Стационардык дарылоодогу бейтаптардын абалы айтылды