Борбор Азия боюнча Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда COVID-19 коронавирусу аныкталган.
25-мартка карата, Кызргызстанда жаңы жагдай катталган жок, буга чейин жалпы 42 учур аныкталган.
Казакстанда дагы эки адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, жалпы вирус жуктургандардын саны 79га жетти. Алар:
— Нур-Султанда — 41 адам;
— Алматы ш. — 31 адам;
— Карагандада — 2 адам;
— Алматы облусу — 1 адам;
— Актөбө облусунда — 1 адам;
— Шымкент шаарында — 1 адам;
— Жамбыл облусунда — 1 адам;
— Түндүк Казакстан облусунда — 1 адам.
Өзбекстанда 55 адамдан коронавирус илдети табылган.
Ал эми Түркияда 1892, Орусияда 503 жагдай катталган.
Дүйнө боюнча, жалпы 424 236 адам COVID-19 коронавирусун жуктурган. Анын 18 миңдейи каза болсо, 106 миңге жакыны вирустан сакайган.