Марал Радиосу

Бишкекте коомдук транспорт убактылуу токтотулат

22-марттан тарта Бишкек шаарында коомдук транспорттун иши убактылуу токтотулат. Бул тууралуу маалымат мэриянын твиттердеги баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, коомдук транспорттун бардык түрүнүн ишине чектөө коюлат, ушул күндөрү жүргүнчүлөрдүн саны да азайган.

Кыргызстанда 22-марттан тарта “өзгөчө кырдаал” режимин киргизүүнү Коопсуздук кеңеши сунуштады.

Өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 12ге жетти.