Марал Радиосу

Коронавирус: Баткендин үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал абалы киргизилди

Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургуну коронавируска кабылганына байланыштуу райондун акими Каланбек Маркаевдин буйругу менен Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарына өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди.

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюла баштады.

Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталган. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Анын Умра зыяратына барып келгени белгилүү болду. Жалпысынан Кыргызстанда бул вирусту жуктургандардын саны 12ге жетти.