Марал Радиосу

Ошто 20-марттан тарта коомдук транспорттун иши токтотулат

Ош шаарында 20-марттан тарта коомдук транспорттун иши токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ошто коронавирустун алдын алуу иштери уланууда. Жарандарга көчөгө чыкпай туруу сунушталат.

Мындан тышкары, Оштогу кафе-ресторан, парктар да толук жабылат.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ош облусунун Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирди. Алар Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Бүгүн Ноокатта «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.