Марал Радиосу

Кыргызстанда жума намазына убактылуу тыюу салынды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус эпидемиясынан сактануу максатында жума намаздарына убактылуу тыюу салды. Муфтияттан кабарлашкандай, дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатвалары эске алынып, бир катар чечимдер кабыл алынды.
-Кырдаал турукташканга чейин Жума намазы убактылуу токтотулду. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулат.

-Мечиттер жабылбайт, намаз убактыларын билдирүү үчүн азан айтылып турат.

-Беш убак намаз үйдө окулуусу сунушталат.

-Даават иштери боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилди.

-Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунуштала турган болду.

Муфтият мындай учурда Жаратканга дуба кылууга чакырат жана ар кандай азык-түлүк, керектүү буюмдарды кымбат баада сатуу күнөө экенин да эскертти.