Марал Радиосу

Кыргыз-казак чек арасынан өткөн унаа жана жүктөр дезинфекцияланууда

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайына барып, жөө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу унааларды өткөрүү учурунда текшерүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл жайларында  кооптуу  инфекциянын өлкөгө кирүүсүнө жол бербөө боюнча медицина, чек ара жана ветеринария кызматтары белгиленген тартипте иштеп жатышат. Бекет аркылуу өткөн ар бир унаа жана бардык жүктөр дезинфекцияланууда, — деп белгиледи Кубатбек Боронов.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайында жөө жүргүнчүлөрдү медициналык текшерүү шарттары талаптагыдай жүрүүдө, зарыл болгон шартта тез жардам кызматы уюштурулган.