Марал Радиосу

Кыргызстанда тойканаларда маараке өткөрүүгө тыюу салынды

Өкмөт Кыргызстанда тойканаларда ар кандай мааракелерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавирустан сактануу аракети боюнча маалымат берген брифингде айтты. Штабдын кабыл алган чечимине ылайык, ар кандай массалык-маданий иш-чараларга,  тойканада өтө турган мааракелерге тыюу салынды. Бул чектөө 3 жумалык убакытка кабыл алынды.

-Андан тышкары 50дөн ашык орундуу тамактануучу жайлардын да ишине чектөө киргизилет. Башка өлкөлөрдө колдонулган сыяктуу эле бизде да тамакты жеткирүү кызматын колдонуп турабыз, -деди вице-премьер-министр.

Андан тышкары компьютердик клубдардын жана ар кандай оюн-зоок жайларынын да иши чектеле тургандыгын белгиледи.