Марал Радиосу

«Кыргыз темир жолу» ишканасы эл аралык поезд каттамдарын убактылуу токтотту

Бүгүн, 17-марттан тарта Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыялангандан улам «Кыргыз темир жолу» ишканасы жүргүнчү ташыган эл аралык поезд каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Алар:

Маалыматка ылайык, билеттерди сатып алган жүргүнчүлөр аны эч тоскоолдуксуз өткөрө алат. Бишкек – Мерке каттамы Кайыңдыга чейин кыскартылды.

Ал эми өлкө ичиндеги Бишкек – Торугарт, Бишкек – Кара-Балта каттамдары өзгөрүүсүз ишин уланта берет.