Марал Радиосу

Коронавирус 150дөй өлкөгө жайылды [тизме]

COVID-19 вирусун 163 миң 600дөн ашык киши жуктурду. Алардын 6472си каза болду. Коронавируска кабылгандардын 82 миң 500дөн ашыгы Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде катталган. Вирустун очогу болгон Кытайда коронавирустун жайылышы басаңдап, абал турукташып калды. Кытайда жалпы 81 078 адам вирусту жуктуруп алуу фактысы менен катталды.

Борбор Азия мамлекеттери боюнча, Казакстанда 8, Өзбекстанда 4 жарандан коронавирус аныкталды. Алар жакында чет өлкөдөн келгендер. Ал эми Орусияда 59 адам COVID-19 вирусу менен катталган.

Кошумчалай кетсек, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирусту пандемия деп жарыялады.


Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 4 адамга жетти


Diamond Princess круиздик лайнеринде вируска кабылгандар – 712, алардын арасынан 7 адам каза болгон.