Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарынын В. Ленин көчөсүндө «Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган.
Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу барып, каза болгон аялдын жансыз денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адам тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.