Марал Радиосу

Асель Кадырбекова жеке сулуулук салонун ачат 

Элибизге белгилүү назик ырчы айым, Асель Кадырбекова өзүнүн жеке сулуулук борборун ачуу алдында турат. Азыркы учурда салондун ачылыш аземине даярдануу иштери жүрүп жаткан учур.

«Салон ачууну 3 жылдан бери пландап жүргөм, бирок акыркы убакта гана чындап ишке киришип, 1 айда салонду толук даяр кылдык. Түйшүгү абдан  оор, бирок  салондо жалаң өз кесибинин мыкты адистери иш алып барышат, аталышы  өзүмдүн  аты-жөнүмө байланыштуу”, — дейт ырчы.

Эскерте кетсек, аталган сулуулук борбор шаарыбыздын Панфилов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.