Марал Радиосу

Коронавирус 100 өлкөгө жайылды [тизме]

Дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 110 миңге чамалады.

Кытайда вирусту жуктургандардын саны 80 904 адам. Материктик Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде 28 310 киши вируска кабылган.

Акыркы 1 жумада Кытайда абал турукташып калды. Бирок Кытайдан тышкаркы өлкөлөрдө күч алууда. Кытайдан сырткары өлкөлөрдө 700дөн ашык киши аталган вирустан көз жумду, алардын төрт жүздөйү Италияда, Иранда 194, Түштүк Кореяда 51 адам.

SARS-CoV-2 коронавирусу башталгандан бери вируска кабылган 60 миңден ашык бейтап эмделип, илдеттен айыкты.


9-март: Коронавируска кабылгандар 110 миңге чамалады [хронология]


Diamond Princess круиздик лайнеринде вируска кабылгандар – 696, алардын арасынан 7 адам каза болгон.


Дүйнөдө парацетамол таңкыстыгы пайда болушу мүмкүн