Президент Сооронбай Жээнбеков аялдардын эл аралык күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнөн кабар алды.
Мамлекет башчысы жазуучунун жубайы — Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.
Президент Айтматовдун жакындары менен баарлашып, жазуучунун уулу Элдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. Ошондой эле өзү вице-президент болгон «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу айтып берди.