Марал Радиосу

Норвегия: 95 адамда коронавирус аныкталды

Норвегиянын бир катар облустарында коронавируска кабылгандар катталып, илдетке чалдыккандардын саны дээрлик 100 адамга жетти. Алардын арасында мектеп окуучулары да бар. Бул тууралуу «VG» басылмасы өлкөнүн коомдук саламаттыкты сактоо институна таянуу менен жазып чыкты.

Ага ылайык, бүткүл дүйнө боюнча 98,9 миң адам коронавируска кабылса, Норвегияда илдетти жуктурган 95 учур катталды.

Белгилей кетсек, коронавирус таркаган мамлекеттердин саны 90го чукулдады.

Бардык үмүт жаздын келишинде. Коронавирусту кантип жеңсе болот?