Кыргыз жарандарына Казакстанга ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 8-марттан тартып кыргыз жарандары мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтө алышпайт.
«Казак өкмөтү чек арадан төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк менен да өтүүгө тыюу салды. Дүйнөгө тараган коронавирустан улам күн мурун казак тарап кыргызстандык жарандарга ID-карта менен чек арадан өтүүгө тыюу салуу боюнча нота жиберген», — деди Абдрахманов.