Марал Радиосу

ӨКМ эскертет: 5-7-мартта туруксуз аба ырайы күтүлөт

5-марттан 7-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көпчүлүк аймактарда 5-мартта күндүз жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-8-марттарда абанын температурасы төмөндөп: