Марал Радиосу

Бишкекте турак үйдө газ баллон жарылып, үй ээси 2-даражадагы күйүк алды

Бишкек шаарынын Ленин районунда турак үйдө газ баллон жарылып, жалпысынан 40 чарчы метр ашкана бөлмөсү күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен үй ээси 2-3-даражадагы күйүк алып 4-оорукананын күйүк борборуна жеткирилген.

Учурда өрттүн себеби такталууда.