Марал Радиосу

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду фото сүрөт сынагын жарыялады

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду фото сүрөт сынагын жарыялады. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Сынакка Кыргызстандын бардык жарандары, чет өлкөдө жашаган мекендештер дагы катыша алат жана эч кандай чектөө жок.

Кызыктуу, күлкүлүү, сапаттуу сүрөттөрдөгү өзгөчө көз ирмемдер төмөнкү багыттарда сунушталат:

Сынактын шарттары:
1. @3tonkiyinkech  Instagram  баракчасына жазылып,
2. Сынакка чыккан сүрөттү өз баракчаңызга жүктөп, #@3tonkiyinkech хештегин жана сүрөттүн темасын жазасыз
3. Сүрөт чоң планда (крупный план), бажырайып тартылышы керек жана өтө сапаттуу болууга тийиш.

Конкурска сүрөттөрдү кабыл алуу 15-мартка чейин уланат. Андан кийин сүрөттөргө добуш берүү башталып, эң көп добуш алган сүрөт жеңүүчү болуп табылат!