Марал Радиосу

Коронавирус 50 өлкөгө жайылды [тизме]

Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 2 747ге жетти. Андан сырткары, жалпы 78 631 адамга вирус жуккан.

Ал арада, вируска кабылган 32 540 бейтап эмделип, ооруканадан чыгарылган.

Кытайдан башка өлкөлөрдө вирусту жуктургандар 3 500дөн ашты. Жалпы дүйнө боюнча 82 миңден ашык адам вируска кабылган.


Умра сапары. Сауд Аравия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды


Diamond Princess круиздик лайнеринде вируска кабылгандар – 705, алардын арасынан 4 адам каза болгон.