Марал Радиосу

Кыргызстандагы кытай жарандарынын ден соолугун кайрадан текшерүү сунушталды

Кыргызстанда иштеген кытайлык жарандарды кайра медициналык текшерүүдөн өткөрүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламенттин жыйынында демилге көтөрүп, коронавирустун алдын алуу максатында сунуш киргизди.

-Кытайда бир аялды 8 жолу текшергенде таза чыгыптыр. 9-жолкусунда коронавирус жуктурганы аныкталыптыр. Бизде Солтон-Сарыда, Дордойдо иштеп жүргөн кытай жарандары бар. Аларды да кайрадан текшерүүдөн өткөрүү керек.  

Министр Космосбек Чолпонбаев жер-жерлердеги кытайлык ишканалар текшерилип жатканын айтты. Көпчүлүк кытайлыктар көптөн бери Кыргызстандан чыга электигин, алардын жашаган жериндеги санитардык-эпидемиологиялык абал көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.