Марал Радиосу

Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Азия чемпиону! (видео)

Кыргызстандык эркин күрөшчү балбан Арсалан Будажапов Азия чемпиону болуп, алтын медаль утту.

Баш байге үчүн күрөштө ал индиялык Балиян Гаурав менен кармашып, 7:5 эсебинде утуп алды.

Ушул күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан биринчиликте 79 килограмм салмакта ат салышкан Арсалан чейрек финалдан баштап күрөшүп, казакстандык Галымжан Уссербаевди, жарым финалда ирандык Али Бахтияр Савадкухини жеңип, финалга жолдомо алган болчу.