Марал Радиосу

Ишкер айым Кадамжай райондук ооруканасына тез жардам унаасын белек кылды

Ишкер айым Бурул Кушбек Кадамжай райондук аймактык ооруканасына жеке каражатынан заманбап үлгүдөгү реанимобиль унаасын белек кылды. Бул тууралуу ишкер айымдын жакын достору жарыялашты.

Ушундай эле кайрымдуулук иш-чарасын өткөн жылы жолдошу Расул Айдаров Ноокат районундук аймактык ооруканасында өткөргөн болчу.