Марал Радиосу

Кыргызстан Орусияда өткөн эл аралык грек-рим күрөшүнөн 6 алтын медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары Орусиянын Новокузнецк шаарында өткөн эл аралык мелдештен 11 медаль утушту.

14-16-февраль күндөрү Орусиянын Новокузнецк шаарында СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Валентин Олениктин жаркын элесине арналган Бүткүл Орусиялык эл аралык мелдеш өттү.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары 11 медаль утту. Алардын алтоо — алтын, 3 күмүш жана 2 коло.