Марал Радиосу

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Сапарали Бөрүбаев камалды

Баткендин Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев камалды. Бул тууралуу «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү билдирди.

Буга чейин аталган айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Нурдин Дүйшөбаев төраганы кол көтөрүүгө айыптап, анын үстүнөн милицияга арыз жазганы белгилүү болгон.

Кечээ, 13-февралда Сапарали Бөрүбаев «Маралга» бул жалган жалаа экенин, ортодо кайым айтышуу гана болгонун билдирген.

Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, депутаттын арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды.

Эскерте кетсек, Сапарали Бөрүбаев Баткендин Тажикстан менен чек арасындагы көйгөйлөрдү айтып чыгып, Бишкекте бир катар күч органдарына сурак бергени маалым.