Марал Радиосу

Сапарали Бөрүбаев: «Төрага депутатты сабады» деген маалымат жалган

Баткендин Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кеңештин депутаты Нурдин Дүйшебаев менен мушташты деген маалымат калп. Бул тууралуу Сапарали Бөрүбаев бүгүн “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн бюджетин талкуулаган сессия бүткөндөн кийин депутат менен кайым айтышуу болгон.

— «Катраңда депутаттар мушташты» деген маалымат кайсыл сайтка чыкканы боюнча кабарым жок. Кечээ айыл өкмөттүн бюджетин талкуулаган сессия бүткөндөн кийин кайым айтышканбыз. Мушташ болгон эмес. Кийин уксам, ал депутат ооруканага барып жатып алыптыр. Мушташты деген сөз бул куру жалаа, — деди Сапарали Бөрүбаев.

Эске сала кетсек, бүгүн айрым маалымат каражаттары Баткен облустук милициясына таянып, Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кеңештин депутаты Нурдин Дүйшебаев менен мушташканын жазды. Анда депутат төрага сабаганын билдирип, милицияга арыз жазганы айтылат.

Милиция бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалганын билдирет.

Сапарали Бөрүбаев Баткендин Тажикстан менен чек арасындагы көйгөйлөрдү айтып чыгып, Бишкекте бир катар күч органдарына сурак бергени маалым.