Кыргызстанда тыюу салынган эл аралык террористтик уюмунун жалдоочусу 1985-ж.т. А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ал Кыргызстан жана башка Борбордук Азия мамлекеттеринин жарандарын Сириянын согуш аймагына жиберүүгө катышкан.
Бул факт боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинде (жалдануучулук) каралган кылмыш белгилеринин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.
Учурда кармалган адам УКМК тергөө камагына киргизилди.