Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча Өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген документке ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандардын эмгек акылары эки эсе жогорулайт.
Бул токтомду жүзөгө ашырууга бюжеттен жылына 220,0 млн сом бөлүнөт. Бул республикалык бюджетте каралган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт милдеттердин кыйла сапаттуу аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин колдоо максатында зарыл каражаттарды табууну мындан ары да уланатат.
№ | Кызмататтардын аталышы | Эмгек акынын жогорулаганга чейинкиси
(сом менен) |
Эмгек акынын жогорулагандан кийинкиси
(сом менен) |
1 | Автобус, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары | 4200 | 8000 |
2 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочулары | 3000 | 6000 |
3 | Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик | 3000 | 6000 |
4 | Иш кагаздарды мукабалоочу | 2700 | 5000 |
5 | короо шыпыргыч, багбан | 2700 | 5000 |
6 | Гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик | 2500 | 5000 |
7 | Иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандар | 2500 | 5000 |