Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айыл аймагынын башчысы «Т.К.» 350 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Ыкчам иштердин натыйжасында 30-январда Айыл өкмөт башчысы жеке ишкер «К. А.»дан 400 миң сом пара талап кылган.
Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери башталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.