Марал Радиосу

АКШнын Кыргызстандагы элчиси ТИМге чакыртылды

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Ал АКШнын Кыргызстанга иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизгенине байланыштуу расмий түшүндүрмө берет.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун айтуусуна караганда, Кошмо штаттары кыргыз паспортунун коргоо деңгээлине байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. Америка Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизет.

АКШ кыргызстандыктарга иммиграциялык эмес визаларды, анын ичинде, туристтик, бизнес, студенттик жана жумушчуларга визаларды берүүнү улантат.

Кошумчалай кетсек, бул визалык чектөөлөр буга чейин алынган иммиграциялык жана грин-карт визаларына таасирин тийгизбейт.

АКШ Кыргызстанга виза берүүгө чектөө киргизди. Себебин элчи түшүндүрдү [видео]