Марал Радиосу

Ат-Башы: Инвестор ижара акынын 43 млн долларын төлөдү

Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык комплекстин курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталат. Бул тууралуу долбоорду ишке ашыруучу «Ат-Башы» кыргыз-кытай эркин соода аймагы» биргелешкен ишканасынын жетекчиси Эмил Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, курулушту «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясы ишке ашырат. Ал үчүн ишканага 200 гектар жер 49 жылга ижарага берилген. Ижара акысы 49 млн долларга бааланган. Инвесторлор анын 43 млн долларын төлөгөн.

Мындан сырткары, логистикалык комплекске жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикалар салынып, 10 миңден 15 миңге чейин жумушчу орундары түзүлөт.


«Ат-Башыда жер сатылбайт, чек ара да жылбайт»


Белгилей кетсек, комплекс үчүн жер Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан аймактан бөлүнүп берилген.