Марал Радиосу

Чүйдө жасалма акчаларды алып жүргөн эки жаран колго түштү

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) наркозаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жасалма акчаларды алып жүргөн эки жаранды колго түшүрдү.

Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, эки жаран 2 миң сомдук купюрадагы жасалма акчаларды алып жүрүшкөн.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 2 миң сом купюрасындагы 50 даана жасалма акча алынган. Факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул кылмышка тиешеси бар дагы башка шектүүлөрдү аныктоо аракети жүрүп жатат, — деп айтылат билдирүүдө.