Марал Радиосу

Изилдөө: Курман айт — Кыргызстанда эң маанилүү майрам

«Курман айт» жана «Орозо айт»  майрамдары кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү майрам болуп калды. Мындай маалымат «Кыргыздын улуттук баалуулуктары жалпы жарандык бирдейликти түзүү фактору» аталышындагы изилдөөдө белгилүү болду.

Респонденттердин 93%ы «Курман айт» майрамын маанилүү деп эсептешет. Ошондой эле, суралгандардын 92,5%ы «Орозо айт» майрамын маанилүү дешет.

Маанилүүлүгү боюнча кийинки орундарда турган майрамдар:

Бишкек шаарында жана Ош шаарында 100дөгөн кишилер сурамжылоодон өтүшкөн. Сурамжылоо 2017-жылдын ноябрынан тартып 2018-жылдын июнь айына чейинки аралыкта өткөрүлгөн.

Сурамжылоонун натыйжалары «Дин тутуу эркиндиги жана демократия боюнча иштиктүү диалог» долбоорунда иш-чарага катышып «International Alert»  жана «Ыйман» коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылган.