Марал Радиосу

Көк-Таштын чагымчылдыкка шектелген 4 тургунун сот 1 айга камакка алды

11-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын 4 тургуну 1 айга камакка алынды.

Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кечээ чыгарганын Баткен милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова “Маралга” бүгүн кабарлады.

11-январда Баткен облустук милиция кызматкерлери Көк-Таштын 4 тургунун кармаган. Милиция алардын чек арада кыргыз-тажик элдеринин ортосунда чагымчылдык кылууга шектелгенин айтууда.

Кечээ, 13-январда аларды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкектин борборунда нааразычылык акциялары өткөн.